Быйыл жай аптаптуу ысык болот экен деген маалыматты эч качан гидромет кызматы маалымдабайт.Бул тууралуу кыргыз гидрометеорология борборунун директорунун орун басары Ырыскелди Асанкожоев eldik.mediaга берген маегинде билдирди.
Адистин айтымында, агенттик 1 жумага карата болжолдуу прогнозду гана бере алат. Ал эми кыш же жай мезгили толугу менен ысык, суук болот деген бүтүм чыгарбайт. Себеби, бул кызмат толугу менен абаны текшерүүчү шаймандар менен камсыз болгон эмес.
Дүйнөлүк практикада деле адамдардын жардамы менен термометр, барометр колдонуп, шамалдын багытын карап абанын температурасы өлчөнөт. Кыргызстандын аймагында бул жаатта 500 гө чукул адам эмгектенет. Ар бир облус, аймактарда 144 бөлүк-метеостанциялар, кар көчкү, айыл чарба посттору жана абанын булгануусун аныктоочу станциялар иштейт. Метеорологдор күн-түн дебей ар 3 саат сайын аба ырайынан кабар алып турушат.
Белгилей кетсек, абанын температурасын текшере турган термометр кутучада орун алган экен. Күндүн ысык мезгилинде ал каражат аптапка коюлуп текшерилбейт. Андыктан ачык асмандын алдындагы температура менен термометр турган жердин абасы эки башка көрсөткүчтү көрсөтүүсү толук мумкүн.