Зарылбек Рысалиев Батукаевдин иши боюнча сурак берди

175

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын мурдагы төрагасы, мурдагы ИИМ башчысы азыркы ЖК депутаты Зарылбек Рысалиев Азиз Батукаевдин иши боюнча сурак берди. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди. Сурак мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушун иликтөөнүн алкагында жүргүзүлгөн.

“Саламаттык сактоо министрлигинин кызмат адамдары эркинен ажыратылган жайдан мыйзамсыз бошотуу максатында А.Батукаевге “курч миелобласттуу лейкозу диагнозун коюп, диагнозду тактоодо фактыларды жасалмалаган. 2013-жылдын 23-апрель күнү Жогорку Кеңешинин депутаттык комиссиясынын чечими менен түзүлгөн эксперттик медициналык топ, А. Батукаевге мурда коюлган “курч миелобласттуу лейкозу” диагнозун жокко чыгарып, диагнозду тактоодо фактылар жасалмаланганын көрсөтүшкөн”, – деп билдирет ИИМ.

Белгилей кетсек, сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө мурдагы саламаттык сактоо министри С.Д. менен ЖАМКтын төрагасынын мурдагы кеңешчиси К.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь