Карабак айылы: тажик чек арачылар менен жергиликтүү жашоочулардын ортосунда түшүнбөстүктөр чыкты

288

Баткен областынын Карабак айылындагы Эски-Мазар аймагында 20-майда жергиликтүү тургундар тажик чек арачылары менен айтыша кеткен видео интернетке чыкты.

Видеодо көрүнүп тургандай сарайды тажик чек арачылары курчап алды деп кыргыз тараптар нааразы болгон.

Бул маалыматты чек арадан дагы тастыктап, түшүнбөстүк сарайдын сынган эшигин оңдоого болгон аракет учурунда чыккан. Бирөөлөр кыргызстандыктардын шаймандары сакталган сарайдын эшигин талкалап кеткен. Имарат Тажикстандын чек арасына 5-6 метр эле жакын жайгашкан. Сарайдын сынган эшигин оңдоого аракет кылган кыргызстандыктарга тажик чек арачылары тоскоолдук кылышкан. Кыргызстандын чек арачылары да окуя болгон жерге келип, тажик чек арачылары менен сүйлөшкөн.

Жыйынтыгында алар сарайдын эшигин оңдойбуз деген жергиликтүү элдин талабына көнгөн. Эки тарапка тең түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Видеосу төмөндөгү шилтемеде:

https://www.youtube.com/watch?v=TxwQnKfO2RI&feature=share&fbclid=IwAR2vK8VSJ5o9KnzwAm4L_jcVkxg6ID-w2Pme4Zspktd9aRxUILqu8NMHXkU

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь