Кара-Суу районундагы Ош-Папан-Кожо-Келең унаа жолунун 12-13-чакырымында сел жүрүп, жергиликтүү элдин 25 бодо малын агызып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Кырсык болгон жерге министрликтин Ош облустук башкармалыгынын ыкчам тобунан 27 куткаруучу барган. Мындан тышкары, жергиликтүү 20 тургун тартылган.
ӨКМ кызматкерлери менен айыл тургундары селге агып өлгөн малдын өлүктөрүн Папан айылындагы жайытка көмүшкөн.