Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин директору Юристанбек Шыгаев эки картинаны өз билемдик менен алып, кайра начар абалда музейге кайтарып берген. Анын бул кылыгы боюнча комиссия түзүлүп, текшерүү иштери жүрүп жатат.
Маданият,маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун айтымында, Шыгаев кызматтан кетүү боюнча арыз жазды. Ал эми анын баалуу картинкаларды алып зыян келтиргенин Шыгаев өзү мойнуна алгандыгын дагы кошумчалады. Картиналарды өз чөнтөгүнөн оңдоп бере турган болду.
Белгилүү болгондой сүрөтчү XIX кылымга таандык эки картинанын түп нускасын көчүрмөсүн жасатуу үчүн алган.
Түзүлгөн атайын комиссиянын жыйынтыгы менен жетекчиге чара көрүлмөкчү.