Кличко Зеленскийдин ант берүү аземине велосипед менен келип, бул жолу кулаган жок (видео)

232
Киев шаарынын мэри Виталий Кличко Зеленскийдин инаугурациясына велосипед менен келди. Бул туурасында ал өзү Твиттерге жазды.
Шаарда унаа тыгынынан качканын айткан калаа башчысы, жолугушууга дагы, ант берүү аземине дагы велосипедде келгенин жазды.
Кличко акыркы учурда жумушка электр тогу менен иштей турчу велосипед менен барууну адат кылып алган. Буга чейин анын велосипед үстүндө бара жатып кулап кеткен видеосу дагы жарыяланган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь