Коопсуз шаар: Премьер-министр учурдагы айыппулдардын өлчөмүн кайра карап чыгууну тапшырды

165

Премьер-министр «Коопсуз шаар» долбоорунда жол кыймылынын эрежесин бузуулар үчүн айыппулдарды тууралоо маселесин изилдеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүүнү тапшырды.

Коомчулуктун пикирин эске алып, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттарынын демилгесин көңүлгө алуу менен Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жумушчу топко учурдагы айыппулдардын өлчөмүнүн негиздүүлүгүн жана натыйжалуулугун карап чыгууну тапшырды.

Анын пикиринде, өлкө аймактарында долбоордун кийинки баскычтарын ишке киргизүүнүн алдында долбоорду борбор шаарда ишке ашыруунун жыйынтыктарын тыкыр талдоо жүргүзүү жана келечекте бардык реалдуулуктарды эске алуу менен сапаттуу ишти камсыздоо зарыл.

Өкмөт башчы баса белгилегендей, бул маселени кароодо жарандардын пикирин көңүл чордонуна коюп, «Коопсуз шаар» долбоорун жүзөгө ашырууда келип чыккан маселелерди өзгөчө дыкаттык менен кароо зарыл.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь