Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев кызматынан кетти. Ал иштен кетүү боюнча өз каалоосу менен арыз жазгандыгын билдирди.
Ал эми Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Президент Сооронбай Жээнбековго төрага Бакыт Шаршембиевди берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө сунуштама киргизди.
Бакыт Шаршембиев маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп 2018-жылдын апрель айында дайындалган.