Нурбек Мурашев “кара көлөчкө” татыктуубу?

160

Буга чейин Базар, соода жана кызмат көрсөтүү ассоциациясынын башчысы Сергей Пономарев айыл чарба жана өнөр жай министри Нурбек Мурашевге кара көлөч тапшырганын массалык маалымат каражаттары жазып чыккан.

Себебин дыйкандардын өтпөй калган картошкасы үчүн деп тушүндүргөн. Бүгүн Нурбек Мурашов журналисттерге маалымат берип, “мен ал сыйлыкты алууга макулмун бирок экономика министрин мактап, мени шакаба кылганы туура эмес. Себеби ошол өтпөй калган азыкка экономика министри да жооптуу“,- деп эсептейт.

Эскерте кетсек, экономика министри Олег Панкратовго «Алтын кол кысышуу» сыйлыгы тапшырылан. Ошондой эле Нурбек Мурашов “менин да Сергей Пономаревго суроолорум бар болчу, силер менен кошо чакырсам келбей койду” деп белгиледи.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь