Россияда Акаев менен Бакиев кыргызстандыктарга ооз ачырды

Мурдагы президент Аскар Акаев Москва шаарында мекендештер үчүн ооз ачыруу иш-чарасын өткөрдү. 100гө чукул кыгызстандыктар ооз ачарга келип, конокторду Аскар Акаев жана Майрам Акаева неберелери менен тосушту. Ооз ачар алдында Акаевдин апасына куран окутулган.

Мындан тышкары, 18-май күнү качкын президент Курманбек Бакиев дагы Санкт-Петербург шаарында кыргыз мигранттарынын оозун ачырды. Ооз-ачуу иш-чарасына 200дөй киши келген. Ал эми Новосибирск шаарында 400 адамга ооз ачырган. Алдыда дагы Москва жана Екатеринбургда өткөрүүнү пландап жаткандыгы маалымдалды.

Курманбек Бакиев  чакырууга баш тартпай коноктордун келип бергендигине ыраазычылыгын билдирген.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь