Тиш жуучу паста онкология оорусун чакырат

247

Француз окумуштуулары тиш жуучу каражатты тишке зыян келтирээрин айтып чыгышты. Анын курамында диоксид титан аталыштагы адамдын организмине зыян келтирчү коркунучтуу уулу заттын 2/3 бөлүгү ар бир паста кутусуна кошулаарын аныкташты.

Мындай окумуштуулардын корутундусун уккан француз эли дүрбөлөңгө түшүп, кээ бири өз колу менен жасалган каражаттар менен тиш тазалоого өтүшкөн.  Бул маалыматка орус изилдөөчү, химиктер да кошулат. Алар атайын изилдөө жүргүзүп, пастанын курамына сөзсүз кошулуучу диоксид титан тишке зыян келтирип гана тим болбостон, өпкө, жүрөк, боор жана бөйрөктүн залалдуу шишик илдетине да алып келээрин  чычкандарга изилдөө жүргүзүүнүн негизинде аныктап чыгышкан.

Чычкандардын 60 пайызында  онкология ооруларынын алгачкы белгилери табылган.  Диоксид титан – боёк. Ал курулуш боёктордо, краб таякчасында, соя сүтүндө жана кадимки шоколадда да бар. Негизги себеп, бул зат арзан турат. Бүткүл дүйнөдө аталган уулу затты колдонууга эч ким тыюу салган эмес. Ансыз сатылуучу товар керектүү түстө болбойт. Эгерде  Е171 кошулмасы бар каражат пайдалансаңыз, анда сиз уунун жаңы өлчөмүн колдонуп жатасыз.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь