13 жаштагы Максим катуу соккудан каза тапкан Чыңгыздын сабалып жаткандыгына капыстан күбө болуп калган. Ошол күндөн тарта Максимдин үй-бүлөсүнө коркунуч жаралган.
Бул тууралуу анын апасы Марина Щербакова kaktus.media га айтып берди. 31 жаштагы жалгыз эне Токмок шаарынын ички иштер органына кайрылган. Бирок анын жазган арызы каралбай, милиция кылмышкерлердин кызыкчылыгын коргоп жаткандай деп нааразы.
Максимдин окуяга күбө болуп калгандыгына байланыштуу Щербакованы анын төрт баласы менен өлтүрүп кетебиз деген коркутуулар болууда.
Окуя 8-апрелде болгон. Максим Чыңгыз аттуу баланын сабалышына баштан-аяк күбө болуп, апасы экөө тез жардам чакырган.
Кийин Чыңгызды сабаган балдар Максимди унаасына салып кетип, башка бирөөнү сабады деп көргөзмө берүүсүн мажбурлашкан. Буга жаш бала макул болгон эмес.