Украинанын Коопсуздук кызматынын башчысы Василий Грицак жана өлкөнүн коргоо министри Степан Полторак кызматын тапшырды. Мындай чечим Владимир Зеленскийдин инаугурациясынан кийин кабыл алынды. Бул тууралуу svoboda.org басылмасы жазды.
Зеленский мамлекет башчы катары сүйлөгөн алгачкы сөзүндө Украинанын Коопсуздук кызматы, Коргоо министрлиги жана Башкы прокуратуранын жетекчилерин кызматтан кетиши керектигин айткан. Башкы прокурор Юрия Луценко кызматынан кетүү боюнча азыр билдирүү жасай элек.
Буга чейин Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы Александр Турчинов жана ИИМ жетекчиси Павел Климкин дагы кызматын тапшырганын жарыялаган.
Мындан тышкары, президент өкмөттү кызматын тапшуурусун айтып, Жогорку Раданы таратарын жар салган. Парламенттин вице-спикери Ирина Геращенко парламентти таркатуу мыйзамсыз деп атаган.
Кийинчерээк премьер-министр Владимир Гройсман иштен кетерин жарыялады. Мындай чечимди ал шаршембиде эле кабыл алганын билдирип, 22-майда расмий тапшырарын айтты.