Элдик кабар: Дейрес айылы жок болуп кетүү коркунучунда!

328

Фейсбук колдонуучусу Кылыч Шанаев  Дейрес айылында жашоо шарты оор болгондуктан, айыл тургундары массалык көчүп жаткандыгын жазды. Мындай абалда Өзбекстанга өтүп кетүү коркунучу бар дейт.

Шанаевдин билдирүүсүн толук беребиз:

” Дейрес айылы Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Авлетим айыл өкмөтүнөн 110 км алыстыкта жайгашкан. Өзбекстандын Наманган облусу менен чектешет. Чек ара маселеси али тактала элек. Өзбекстандын солдаттары Дейрес айылында кенен басып жүргөндүгү айтылууда. 2017-жылдары Дейрес айылында 250 дөй үй-бүлө жашаса азыркы учурда 6 гана үй-бүлө калды. Таза суунун жоктугу,жолдун начардыгы,мектеп,садик,эч кандай шарт жок. Сууну союз учурунда Водовоз менен ташып жеткирип турса , азыркы учурда жамгыр суусу менен күн көрүп келишүүдө. Айыл жок болуп кетүү коркунучунда. Жергиликтүү тургундардын массалык түрдө көчүп кетишти. Жашоо шарт оор. Мындай шартта адам заты жашап жатышы өзүнчө бир эрдик. Азыр эми 6 гана үй-бүлө калганы байма бай айтылууда. Эгерде булар дагы көчүп кетишсе анда Өзбекстанга өтүп кетүү коркунучу бар. Бош калган жерлерди баса калып эле көптөгөн жерлерибизди алдырганыбызды унутпасак. Кеч боло электе парламенттен бул маселени көтөрүп айылды сактап калуу керек. Үн катпай олтуруу болбойт. Эмне үчүн бул маселе көтөрүлбөйт? Кайдыгерликтин дагы чеги болот! “Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы” деп,президент жарлыкка кол койбоду беле… Эмне үчүн Аксы районун акими, Авлетим айыл өкмөтүнүн башчысы,жергиликтүү депутаттар,парламенттегилерди айтпай эле койоюун ,үн катышпайт? Губернатор,министрлер бүт бардыгыңар жапа тырмак киришүү керек. Кыргызстандын бир карыш жерин алдырууга акыбыз жок. Урпактар алдында уят эле боло турган болдук. Качан ойгонот,касан ойлонот экенсиңер? Ата-Мекенге болгон сүйүү барбы өзү силерде? Кыргызстандын бүтүндүгүн сактайлы! Кеч боло электе ойгонгула! Аракет кылгыла! Анан жанагы сөздөрүңөрдү токтоткула! ” биз парламентке кайрылганбыз, тиешелүү жетекчилер иштеп жатышат”деген болбогон калптарды. Бизде дайыма ушундай . Айта кетчү нерсе азыркы убакта Дейрес айылынан контрабада жүктөр чыгып,кимдир бирөөнүн товары өткөрмө пунктуна айланган имиш. Толук болушу мүмкүн.”

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь