Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Жеткиликтүү турак жай 2015-2020» Программасын ишке ашыруу боюнча кеңешме өткөрүп, Мамлекеттик ипотекалык компанияга 500 000 000 (беш жүз миллион) сом бөлүү жөнүндө буйрукка кол койду.
Абылгазиев белгилегендей, ипотекалык программа ишке киргенден тартып Өкмөт тарабынан аны каржылоого 4,8 млрд сомдон ашуун бөлүнгөн. Ипотекалык насыя боюнча пайыздык үстөктөр бул мезгилде 12-14%дан 7-9%га чейин төмөндөгөн.
” Президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан ипотека боюнча пайыздык үстөктү 6% чейин кыскартуу тапшырмасы коюлган, анткени учурдагы шарттар боюнча төлөө бюджеттик чөйрөдөгү кызматкерлер үчүн оор болуп турат. Күзгө чейин Өкмөт бул максатка жетет “, – деп баса көрсөттү Абылгазиев.