№31 колония мамлекеттик бюджетке 2 млн. 476 миң сом чыгым келтирди

366

Чүй облусунун Молдовановка айылындагы №31-түзөтүү абагы мамлекеттик бюджетке ири өлчөмдөгү зыян келтиргендиги аныкталды. Бул тууралуу аталган кызматтан кабарлашты. Кызматтык териштирүүнүн жүрүшүндө №31 колониянын бухгалтер кызматкерлери мамлекеттик бюджетке 2 млн. 476 миң сом чыгым алып келген.

Учурда мурунку кызматкерлери 1 млн. 461 миң 387 сомду кайра кайтарып беришти. Ишке тиешелүү материалдар ЖАМКнын тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди жана Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 3-бөлүмү боюнча Жазалардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталды.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь