Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери 151 телевизорду аткезчилик менен алып бара жаткан жүк ташуучу бусту кармашты.
Оштогу текшерүүдө Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унааны токтоткондо, Т.Б.Б аттуу кыргызстандык башкарып бара жаткан унаанын ичинен LG маркасындагы телевизорлор табылган.
Айдоочу товарга тиешелүү документти көргөзө алган эмес. Жүктөп бара жаткан товардын жалпы суммасы 3млн. 242,5миң сомду түзгөн. Бул боюнча кылмыш иши козголду.