Бишкекте белгисиз 2 жаран үйдү тоноого аракет кылып, карыган аялды мыкаачылык менен өлтүрүшкөн. Бул тууралуу ШИИББдан билдиришти.

83 жаштагы аял Жумушчу шаарчасында жалгыз жашаганы айтылууда.

«Жеке турак үйдөн улгайган аялдын сөөгү табылды. Анын колдору жана башы чүпүрөк менен таңылган. Анын зомбулуктан өлгөнү аныкталды», -деп жазылат маалыматта.

Бул окуяга шектелип буга чейин соттолгон 38 жаштагы Х.Т. жана 53 жаштагы П.М. атту жарандар кармалып, иликтөө иштери жүрүүдө.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 44