Бүгүн, 22-майда Баткен районунун Кара-Бак айылына жакын чек арадан ок атылды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирди.
Аталган айылдын Эски-Мазар аймагындагы көрүстөнгө сөөгү кечээ коюлган маркумдун тууган-уругу Куран окуганы барышкан. Ошол учурда Тажикстандын чек арачылары да келип, кыргыздар менен кайым айтыша кетишкен. Кыргыз тарап тажик чек арачыларын көрүстөндүн аймагынан чыгып кетүүсүн талап кылышкан. Өз учурунда тажик чек арачылары эскертүү иретинде асманга эки ок аткан.
Чыр-чатакты жөнгө салуу үчүн эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү жолугушту. Жергиликтүү калкка түшүндүрүү иштери жүргүзүүлүп жатат. Бирок топтошкондор бийлик өкүлдөрүнүн келишин талап кылышууда.
Учурда кыргыз-тажик чек арасында кырдаал салыштырмалуу туруктуу. Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлери кырдаалды көзөмөлдөп турушат.
Маалыматтарга ылайык окуя болгон жерге жүздөй тургун чогулушкан.