“Сүлүктү” көмүр шахтасы быйылкы жылы Кытай мамлекетинен 1,5 млн долларлык инвестиция тартууга жетишкен. Натыйжада техникалар жаңыланып, көмүр шахтасын кеңейтилген. Мындан тышкары, тартылган инвестициянын алкагында көмүр өндүрүүнүн көлөмүн 20миң тоннадан 50, 60миң тоннага көбөйтүүгө шарттар түзүлгөн.
Учурда ишканада алгачкы техникалар алынып келинди. Аталган көмүр шахтасында шаардын 50 тургуну жумуш менен камсыз болгон.
Баткен областынын ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров Сүлүктү шаарындагы жаңыдан ишин жандандырып жаткан “Сүлүктү” Ачык Акционердик коомунун ишмердүүлүгү менен таанышты.
Сүлүктү шаарында бүгүнкү күндө 31 көмүр ишканасы ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. 2018-жылдын жыйынтыгы менен бул ишканалар жалпы 126 миң тонна көмүр өндүрүүгө жетишкен.
Кенчилер быйылкы жылы 130 миң тонна көмүр өндүрүүнү пландап жатат. Аталган көмүр шахталары 2018-жылы мамлекетке 97млн сом салык төлөшкөн.