“Бишкек шаарын суу менен камсыздоо жана канализация системасын реаблитациялоо” долбоорунун алкагында, “Орто-Алыш” суу топтомосундагы суу менен камсыз кылчу түтүктөрү орнотулуп, ордо калаанун тургундары суу менен камсыз боло баштады. Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов жана Европалык реконстукция жана өнүктүрүү банкынын президенти Сума Чакрабатри аталган долбоордун иштери менен жеринде таанышып келишти.
“Бишкек шаарын суу менен камсыздоо жана канализация системасын реаблитациялоо” долбоору Европалык реконстукция жана өнүктүрүү банкынын эсебинен ишке ашууда. Бул долбоорго 8 млн евро насыя жана 8 млн евро грант бөлүнгөн. Азыркы тапта “Орто-Алыш” суу топтомосунда суу соргучтары жана көмөк чордондору менен 35 суу соргуч иштеп жатат.
Мэриянын маалыматына караганда Бишкек шаарынын түштүк тарабына чейин суу түтүктөрүн куруу менен шаардыктарга таза суу жеткирилет.