Бишкек унаалардын, соода түйүндөрдүн эмес, жашоочулар үчүн ыңгайлуу шаар болушу керек!

183

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов менен жолугушту.

Жолугушууда шаарды газдаштыруу жана шаардын конуштарында газ бөлүштүрүү түйүндөрүн куруу боюнча иштердин жүрүшү талкууланды.

Мындан тышкары жолугушуунун жүрүшүндө катуу турмуш-тиричилик калдыктарын башкаруу тутумун комплекстүү жакшыртуу боюнча жыйноо, ташуу жана таштандыларды жок кылуу сыяктуу көрүлгөн чаралар боюнча пикир алмашышты.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов социалдык объекттерди, жөө жүргүнчүлөр бульварларын, сейил бактарды куруу жана оңдоо, суу менен камсыздоо жана канализация тутумун реабилитациялоо, ошондой эле борбор шаарда өтүүчү ири эл аралык иш-чараларга даярдык көрүү боюнча көрүлгөн иш-аракеттерди талкуулашты.

«Өкмөт шаардык муниципалитеттин борбор калаанын инфратүзүмүн жакшыртуу боюнча аракеттерин колдойт. Ошону менен бирге Бишкек шаары унаалардын жана соода түйүндөрүнүн эмес, жашоочулар жана меймандары үчүн ыңгайлуу шаар болушу керектигин эстен чыгарбоо керек. Биз Бишкек жайлуу, жашыл жана заманбап шаар болушуна жетишүүгө тийишпиз», – деп жыйынтыктады Мухаммедкалый Абылгазиев.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь