“Коопсуз бойдон алдыруу – бул адамдын укугу”, “ Бойдон алдырууну кылмышка айландырбагыла” деген транспоранттарды көтөрүп чыккандар АКШнын Жогорку сотунун алдына чогулушту.
Наарызылык акциясына чыккандар 6 штаттын ичиндеги Алабама, Миссури, Миссисипи, Арканзастагы бойдон алдыруу мыйзам ченеминин катаалдыгына каршы.
“Менин балалуу болууга же тескерисинче баланы каалабай жаткан укугумду башка бир адам чечүүсү – бул адилетсиздик. Мыйзам менен алар менин жана аялдардын укугун тебелеп жатат. Аялдар өз укугун өзү билет жана аны коргой алат”, – деди акциянын катышуучусу.