ВИДЕО: Индонезиянын эли көтөрүлүшкө чыкты

173

Индонезиянын борбору Джакарта шаарында нааразычылык акциясында 6 адам каза болуп, 200дөй киши ар кандай жаракаттарды алышты. Мындай маалыматты шаардын губернатору таратты.

Акыры маалыматтарга таянсак, бул башаламандыкта 70 ке чукул адам кармалган. Полициянын өкүлдөрү баш аламандыктын уюштуруучулары жарылуучу заттарды, таш жана тез жардам унааларына курал жарактарды сактаган дешүүдө.

Бейбаштык башталган түнү 10 дон кем эмес автоунаа күйүп кеткен. Полиция каршы чыккандарды таратуу максатында көздөн жаш чыгаруучу газ жана суу аткычтарын колдонгон. Нааразычылык акция шаршемби күнү жергиликтүү БШКсы апрель айында өткөн шайлоонун жыйынтыгы чыкканда жанданган.

Азыркы президент Джоко Видодо жалгыз атаандашы Прабово Субиантодон 10%га көп добуш алган. Жеңилген талапкер Конститутциялык сотко доо арыз менен кайрылаарын билдирген. Субиантонун айтымында, шайлоонун жүрүшүндө массалык мыйзам бузуулар болгон.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь