Кыргызстандын Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасы Мелис Турганбаев бүгүн, 22-майда мекеменин бейтапканасы жана жаңы түзөтүү абагынын курулушу менен таанышып чыкты. Бул туурасында аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Турганбаев иштин жүрүшүн көрүп, курулушу аяктап калган объектилер боюнча кошумча тапшырмаларды берди.
Учурда ЖАМКнын өз бейтапканасы жок. Мекеменин кызматкерлери ИИМдин госпиталында дарыланышат. Буга байланыштуу ЖАМК жетекчилиги мекеменин кызматкерлери, алардын үй-бүлө мүчөлөрү жана Бишкектеги №32 түзөтүү абагынын базасында ардагелерди карай турган бейтапкана курууну чечкен.
Бейтапканадан тышкары бул жакта госпиталь жана аскер-даргерлердин комиссиясы болот. Бейтапканда операциялык блок, лабораториялар, стоматология жана башка заманбап жабдыктар болот.
№32 колония Сокулуктун Ново-Павловка айылындагы жоюлган №37 түзөтүү колониясынын базасына өтөт. Ал эми 37-колониянын ордуна 200 кишиге ылайыкташкан абак курулду. Мекемеде өнөр жай цехтери, кесиптик-техникалык училище ачылып, анда эркинен ажыратылгандар ар кыл кесиптерге үйрөнө алат.
Эки объектинин курулушу соңуна чыгып калды. ЖАМКнын борбордук аппаратында Мониторинг жана анализ борборунун курулушу аяктады. Учурда жабдыктарды алуу боюнча тендердин жыйынтыгы күтүлүүдө