ИИМ Шамил Атахановдун даттануусуна түшүндүрмө берди

224

Ички иштер министрлиги мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атахановдун укуктары бузулуп жаткандыгын төгүндөдү. Атахановдун арызы боюнча төмөндөгүдөй жооп берди.

Тилекке каршы, убактылуу кармоочу жай курорт эмес. Шамиль Атаханов башка жарандар менен бирдей укукта жана шартта камалууда. Кызматкерлер кармалган жарандын денесинде жаракаттар бар экенин аныктаган учурда гана медициналык кароодон өтөт. Ал эми жактоочусу менен жолугушуу жөнүндө талабын аткарбай коюшкан деген билдирүүсү чындыкка дал келбейт. Жактоочуга кардарына  таңкы сатт 06:00дөн кечки саат 22:00гө чейин каалаган убагында келип турса уруксат берилет. Камерада төшөнчүнүн жоктугу дагы туура эмес маалымат. Кармалуучу киргизилген камерада матрац жана эки төшөгчү бар болгон. Дары-дармектерди жана жеке буюмдарды жумуш күнү саат 09:00дон 19:00го чейин берүүгө болот

Кыйноолорго каршы күрөш боюнча улуттук борбор убактылуу кармоочу жайда мурдагы вице-премьер-министр Шамиль Атахановго убагында дары-дармектер берилген эмес деп маалымат тараткан.

Шамиль Атаханов кечээ, 21-майда камакка алынган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь