Фейсбук колдонуучусу Тилек Бакиев жергиликтүү тургундун демилгеси менен таштанды таштабоого чакырган такталарды илип жаткан видеосун жүктөдү.
Айыл жашоочусу жасаган баннерлерде ” Жери булгангандын – эли булганат. Элин булгагандын – энеси булганат!”, ” Талаага мусор таштагандардын, тукуму мусор терип калсын! Оомийин! ” деген чакырыктар жазылган.
Айыл тургунунун бул аракети интернет тармагынын колдонуучулары тарабынан мактоого арзыды.