Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагалык кызматына Дастан Догоевдин талапкерлигин сунуштады.
Эреже боюнча өкмөттүн кайсы бир мүчөсү кызматынан бошотулган учурда премьер-министр президентке Жогорку Кеңеш жактырган талапкерди сунуш кылат. Бош кызмат ордуна жетекчи беш жумушчу күн ичинде дайындалышы керек.
Президент Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынгандан кийин үч күндүк мөөнөттө Өкмөттүн мүчөсүн дайындоо тууралуу жарлык чыгарат.
Комитеттин буга чейинки төрагасы Бакыт Шаршембиев кечээ кызматынан бошотулган.