Майыптардын укуктары жөнүндө БУУ Конвенциясынын жоболорун ишке ашыруу боюнча жумушчу топ түзүлдү

173

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Майыптардын укуктары жөнүндө БУУ Конвенциясынын жоболорун ишке ашыруу боюнча вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын төрайымдыгы алдында ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү жөнүндө буйрукка кол койду.

Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясын ишке ашыруунун алкагында негизги иш мүмкүнчүлүгү чектелгендерди абилитациялоо жана реабилитациялоо кызматтары менен камсыздоого, алардын жашоосунун узактыгын жогорулатууга жана майыптуулуктун алдын алууга, медициналык жана социалдык жардам көрсөтүүгө, мүмкүнчүлүгү чектелгендерге билим алуунун, сот адилеттигинин, эмгектин жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө, эркин жүрүүнү, жеткиликтүү чөйрө жана мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн универсалдуу жасалгалоону камсыздоого багытталат.

Жумушчу топтун курамына министрлик жана ведомстволордун жетекчилери жана кызматкерлери, эл аралык уюмдардын, ошондой эле жарандык сектордун өкүлдөрү киришти.

Ведомстволор аралык жумушчу топ:

– 2019-жылдын 1-июлуна чейин – Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясынын жоболорун ишке ашыруу боюнча 2019-2022-жылдарга карата биринчи кезектеги чаралар Планынын долбоорун;

– 2019-жылдын 20-августуна чейин – коомдук жашоонун ар кыл чөйрөлөрүндө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерди дискриминациялоону четтетүүгө жана каржылоо булактарын аныктоо менен республиканын шаарларында, райондорунда жана айылдарында жеткиликтүү инфратүзүмдү түзүүгө багытталган «Жеткиликтүү өлкө»Программасынын долбоорун иштеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине киргизүүгө тийиш.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь