Бүгүн, 23-майда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Айтмамат Назаров “Улуттук энергетикалык холдингдин” жетекчилик кызматын аркалай тургандыгын айтты.
” Мен үчүн бул чоң жоопкерчилик, түйшүк. Аталган ишкананын иши акыркы учурларда сындалып, аны жоюп салып, министрлик түзүү боюнча сунуштар айтылды. Бул энергетика тармагында реформалар жүрбөй жатканынан кабар берет”, – деди ал.
Буга байланыштуу Назаров депутаттык мандатын тапшыра тургандыгын билдирди.