АКШнын Миссури штатында болгон катуу куюн 3 адамдын өмүрүн алып, бир нече адам жаракат алды. Бул тууралуу штаттын коомдук коопсуздук департаментинен кабарлашты.
Буга чейин АКШнын метеорологиялык кызматы шаршемби күнү кечинде ири кырсыктын белгилерин маалымдашкан.
Маалыматка ылайык, куюн Миссури штатындагы бир нече райондо болгон. Натыйжада электр зымдары үзүлүп, турак жайлар жарым жартылай бузулган.
Миссуринин коомдук коопсуздук кызматы алдыда дагы жагымсыз аба-ырайынан улам суу каптоо коркунучу бар экендигин билдирди.
Aerial video of Tornado Damage at Mangum @NWSNorman #okwx #tornado pic.twitter.com/j56FR8YWH6
— Brian Emfinger (@brianemfinger) May 20, 2019