А.Батукаев: Нарын шаардык сотунун мурдагы судьясына кылмыш иши козголду

226

Башкы прокуратура Азиз Батукаевди камактан чыгаруу боюнча чечимди чыгарган Нарын шаардык сотунун судьясы Жапар Эрматовдун үстүнөн сотко чейинки териштирүү иштерин баштады. Бул тууралуу Башкы Прокуратурадан маалымдашты.

Ага ылайык, 2013-жылдын 9-апрелинде Нарын шаардык сотунун мурдагы судьясы  4-убактылуу кармоочу жайынын башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучунун көрсөтмөсү менен Азиз Батукаевди бошоткон.

Маалыматта айтылгандай, ал Азиз Батукаевдин айыкпас ооруга чалдыккандыгы тууралуу маалыматтар менен кылдат таанышкан эмес жана мыйзамдагы уурунун Кыргызстандан чыгып кетишине шарт түзүп берген.

Мурдагы судьянын иши тууралуу маалыматтар чогултулуп, 335-берененин 1-бөлүгүнө (акыйкат эмес чечим чыгаруу) , 319-берененин 1-бөлүгүнө (Коррупция) ылайык, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Ал эми сотко чейинки иштерди алып баруу УКМКнын тергөө башкармалыгына тапшырылды.

Жапар Эрматов бүгүнкү күндө Нарын облусунун райондор аралык сотунун төрагасы болуп иштейт.

Кошумчалай кетсек, мыйзамдагы ууру Азиз Батукаев 2006-жылдын 3-августунда Аламүдүн райондук соту тарабынан соттолуп, үй-мүлкүн конфискациялоо менен 16 жыл 8 ай 15 күнгө эркинен ажыратылып, күчөтүлгөн тартиптеги абакка камалган болчу. 2013-жылдын апрелинде айыккыс ак кан оорусу менен ооруйт деген бүтүм чыгып, камактан бошотулуп, Грозный шаарына учуп кеткен. Батукаевдин иши боюнча 2019-жылы кайра жанданып, тергөө иштери жүрүүдө.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь