Батукаевдин ишинен кийин, кезек Дача-Суга келеби?

262

Азиз Батукаевдин ишине кимдин тиешеси болсо, бардыгы мыйзам чегинде жооп беришет. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.  Ал эми Шамиль Атахановдун даттануусу боюнча, “эч качан жакшы шарттар болгон эмес, болбойт дагы. Бардыгына бирдей шарт түзүлгөн”-деп айтты.

К.Асанов:  “Коомдо катуу талкуу болуп жаткан Батукаев, Дача-Су боюнча бардык кылмыштар мыйзам негизинде объективдүү тергелет!”

Асанов мындан тышкары, кыргыз-тажик чек арасында учурда абал турукташып калгандыгын белгиледи. Анын айтымында, качан гана чек араны делимитация-демаркация иштери чечилмейин, мындай окуя кайталана берет. Ошондуктан маселени тездетип чечүү керек.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь