Бишкекте Билим берүү борборунун кызматкери 15 миң сом пара менен кармалды. Бул туурасында УКМКдан  кабарлады. Бишкек шаарынын Октябрь райондук Билим берүү борборунун кызматкери өткөрүлгөн тендердин каржы маселесин оңунан чечип берүү үчүн подрядчы фирманын өкүлүнөн  пара талап кылган.

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (Пара талап кылуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Кармалган адам УКМКнын Убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө жүрүп жатат.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 51