Бүгүн 23-майда Бишкек ЖЭБ боюнча козголгон кылмыш ишин териштирүү улантылды.
Бүгүнкү соттук отурумда каржы министринин өкүлү суракка алынып, ага прокурор 386млн.доллар кайдан алынгандыгы жана эмнеге жумшалгандыгы боюнча суроолорду берди. Жабырлануучу тарап акчаларды ШКУнун алкагында 2013-жылы Эксимбанктан 2 пайыз менен 20 жылга насыяга алынгандыгын айтты.
Башкы прокуратурадан маалымдагандай, каржы министрлигинин өкүлүнө тиешеси жок дагы суроолор берилип, ал четтетилди.
Кийинки соттук отурум 29-майга жылдырылды.