Өзгөндүк блогер Бауржан Кадырбеков буту ооруп, баса албай калганын негиздеп, Ош облустук аймак аралык ооруканасына келип жаткан. Бул тууралуу аталган оорукананын жетекчисинин орун басары Темиркан Жарматова «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, блогер ооруканага 19-майда келип жаткан, учурда оорусун аныктоо аракеттери жүрүп жатат.
” Азыр анын диагнозун такташ үчүн бүт текшерүүлөрдөн өткөрүп жатабыз”, – деди ал. “Бизге келип түшкөндө эч кандай травма, сынык жана башканын белгилери болгон эмес. Ал өзү да томографияга түшүп келген экен, анда да омуртка жана башка сөөктөрү таза чыгыптыр. Биз азыр нервдерин жана кан тамырларын текшерип жатабыз.”
Өзгөндүк блогер Бауржан Кадырбеков «Опузалап пара талап кылуу» жана «Ээнбаштык» беренелери боюнча айыпталып, 8-майда Өзгөн райондук милициясы тарабынан камакка алынган. 11-май күнү Өзгөн райондук соту аны бир айга камаган. Бул окуя коомчулукта кызуу талкууга түшүп, 18-майда анын үстүнөн даттанган тараптын тосмо арыздын негизинде Бауржан Кадырбеков эркиндикке чыккан. Ал абактан чыкканда балдак менен басканын көргөн туугандары «Бауржан камакта жатканда кыйноого кабылды» деп айтып чыгышкан. Милиция жана Бауржан өзү бул айыптоону четке каккан.
Булак: azattyk.org