Боюнда бар баланы өлүк деген медайым дары сатып бизнес кылганбы?

260

Балыкчы шаарынын тургундары, жаш жубайлар алгачкы наристесин күтүп жатып, үрөй учурган жагдайга туш болушкан. «ТВ КАЙГУУЛ» берүүсү кезектеги иликтөөсүн жарыкка чыгарды. Жардам сурап кайрылган түгөйлөр, Балыкчы шаарындагы УЗИде туш болгон окуясын баяндашкан.

Медайым курсактагы баланы жансыз деп,«эмбриону жок түйүлдүктүү жумуртка», «кош бойлуулуктун төртүнчү жумасында түйүлдүктүн өспөй калуусу» деген диагноз койгон.  Келинге кытайдын жазуусу бар дары жазып берген. Бирок башка ооруканаларга барып текшерилгенде, «кош бойлуулуктун 7-жумасы» деген диагноз коюшуп, баары жайында экенин айтышкан.

Келиндин айтымында, дарыгер өзүнүн пайдасы үчүн дарыларды сунуштап сатып жүргөн.

Эгерде мыйзамдын негизинде чара көрүлө турган болсо,жаңы кодекске ылайык «Боюнан түшүрүүчү дарыларды мыйзамсыз сатуу фактысы боюнча дарыгерге 4 миң сом айып пул салынат”.

Окуянын чоо-жайын төмөндөгү шилтеме аркылуу кирип иликтөөдөн көрүңүздөр.

https://www.youtube.com/watch?v=g33lBZG6Xfw

 

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь