Дамир Мусакеевдин жактоочусу өзүн жаман сезип, тез жардам алып кетти. Буга байланыштуу Атамбаевдин жан сакчысынын соттук иши 24-майга жылып калды.
Соттук отурум башталардын алдында Мусакеевдин жактоочусу Темирлан Кожокматов ооруп калгандыгын айтып чалган.
Эске салсак, УКМКнын 9-кызматынын мурдагы башчысы Дамир Мусакеевге Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгон.