Индиянын жаңы тарыхындагы эң масштабдуу демократиялык шайлоо жыйынтыкталууда. Парламенттик шайлоодо партиялар 543 мандат үчүн күрөштү. Добуш берүү алты аптага созулуп, бюллетендер жекшемби күнү санала баштаган.

Өкмөттү куроо укугун алуу үчүн саясий партия же коалиция парламентте кеминде 272 орунду алышы керек. Ошол партиянын лидери премьер-министр болот. Дүйнөдөгү эң ири шайлоого 8 миңден ашуун талапкер жана 670 саясий партия катышты.

Учурдагы өкмөт башчы Нарендра Моди “Бхаратия Жаната” улуттук партиясы менен 2014-жылдагы ийгилигин кайталагысы келип турат. Өткөн шайлоонун алдында Моди Индия экономикалык жана аскердик кубаттуу супер державага айланат деп убада берген. Бул жолу ал өлкөнүн космостук программалары “болуп көрбөгөндөй ийгилик” жаратканын, жаңы муундагы ракетасы ийгиликтүү сыноодон өткөнүн жар салган.

Модинин негизги атаандашы – Индира Гандинин небереси, оппозициялык “Индия улуттук конгресси” партиясынын лидери Рахул Ганди болду. Ал Модини өлкөдөгү демократиялык институттарды талкалады деп айыптап келүүдө.

Үгүт иштеринин жүрүшүндө негизги басым экономикалык маселелерге жасалды. Анын ичинде жумушсуздук көйгөйү курч талкууга алынды. Алдын ала жыйынтыктарга ылайык, Нарендра Моди алдыда келе жатат. Бирок эксперттер Индияда экзит-полл туура маалымат бере албайт деп белгилешүүдө.

Индияда 900 млн. чамалуу киши добуш берүү укугуна ээ жана шайлоого 7 млрд. доллар чамалуу каражат сарпталды. Салыштыруу үчүн: 2016-жылы америкалыктар президенттик шайлоосуна жана конгресстин шайлоосуна 6,5 млрд доллар короткон.

Шайлоо комиссиясында 300дөй киши иштеди. Бирок шайлоочулардын баарын камтуу үчүн 10 млн. кызматкерди тартууга туура келди. Айрым шарты катаал аймактарга тик учак менен же кайык менен гана жетишти. Комиссия мүчөлөрү кээ бир алыскы аймактагы шайлоочуга жетиш үчүн пилди минип барууга аргасыз болушкан.

Шайлоо жараяны жети этап менен 11-апрелден 19-майга чейин өттү. Алдын ала жыйынтык бүгүн жарыяланышы кере

Булак: Би-Би-Си кыргыз кызматы 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 46