Мамытов: Батукаевди 40 мүнөттөй чек арада кармап турганбыз

103

Азыркы акыйкатчы, Чек ара кызматынын мурдагы жетекчиси Токон Мамытов Азиз Батукаевдин абактан бошотулуп, өлкөдөн чыгып кеткени боюнча “Азаттыкка” жооп берди. Ал Батукаевди өлкөдөн чыгарууда жогору жактан буйрук болбогонун айтып жатат.

“Биз жарым саат, кырк мүнөттөй кармап турдук. Кармап турууга башка негиз жок болчу. Анан айла жок кое бердик. Негизи жарандар соттун чечимин жана башка документтерди сураганга акыбыз жок. Бирок, биз дагы бир балакет болуп кетпесин деп ошол кагаздарды сурадык”.

Мамытов ага Батукаевдин өлкөдөн чыгып баратканын аэропорттогу чек ара кызматынын бөлүмүнөн кабарлашкандан кийин кримтөбөлдүн документтерин дыкат текшерүүгө буйрук бергенин кошумчалады. Мамытов ошол жылдары Чек ара кызматын жетектеп турган.

Булак: azattyk.org

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь