Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 23-май күнү өкмөттүн жыйынында айыл-чарба министри Нурбек Мурашевдин иш алып баруусун сынга алды.
«Былтыркыдай картөшкө кабинетке келбесин! Кабинетке пакетке салып алып келгенди токтотуп, азыртадан сүйлөшүш керек. Азыр бирөөбүз да сүйлөгөн жокпуз. Кайсы өсүмдүк өсөт, күзүндө канча өсүмдүктүн түрүн сатканга, кандай механизмдер келе жатат айта элекпиз. Азыртадан айта башташыбыз керек да. Түшүм жыйналып калгандан кийин кайра кардар издеген туура эмес. Былтыркы тажрыйба кайра келбегендей иш алып барыш керек. Түшүнүп атасызбы?! »,-деди Абылгазиев.