Нур терапия учурунда аппарт бузулуп, бейтаптын башы кыпчылып калды

151

Орусиянын Воронеж шаарында нур терапия учурунда аппарат бузулуп, онкологиялык диспансердин бейтабынын башын кысып салган. Натыйжада кайрылган жаран каза болду.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 22-майда болгон. Каргашалуу окуяга байланыштуу Орусиянын саламаттыкты сактоо министри Вероника Скворцова көчмө лаборатория менен жерине чыгып кетти.

Алар 2006-жылы Чехияда чыгарылган жабдык боюнча экспертиза жургүзүшөт.

Тергөөчүлөр иликтөөнү баштап, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

 

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь