Кечээ 22-майда кечки саат 21:25 тер чамасында Ош шаарынын Увам каналына жеңил унаа түшүп кетти. Белгилүү болгондой, Озгур айылындагы Увам каналына “ДЭУ Тико” үлгүсүндөгү унаа кирип кеткен.
Кырсык болгон жерге ӨКМдин Ош шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары тартылып, 51 жаштагы А.Р аттуу унаадагы айдоочу суудан чыгарылып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.