Ош шаарында мектеп окуучулары жол тандабастар менен эс алууга чыкканы үчүн Курманжан Датка орто мектебинин директору иштен алынды. Бул тууралуу элдик медиага Ош шаардык ИИБнын маалымат кызматынын башчысы Замир Сыдыков билдирди.
11-май күнү түшкү саат 12:30да 11-класстын бүтүрүүчүлөрү Сулайман-Тоого Mercedes Gelandewagen үлгүсүндөгү унаалар менен эс алууга чыгышкан. Аларды Ош ЖКККБ инспекторлору кармап, унааларды унаа токтотуучу жайга киргизишкен.
Окуучуларга айып пул салынып, алардын ата-энелерине протокол түзүлгөндүгү маалым болду. Ал эми мектеп директоруна чара көрүү боюнча шаардык билим берүү бөлүмүнө кайрылуу жолдошкон.
Белгилүү болгондой, Курманжан Датка мектебинин директору Каныкей Эргешова 16-май күнү өзү жазган арызынын негизинде жумушунан кеткен.