Пикир: Колу менен жасаган кылмышты, моюну менен тартыш керек!

213

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши кайрадан жанданып, анын Кыргызстандан чыгып кетишине себепкер адамдар суралып жатат. Бул ишке тиешеси бар дегендердин бары камакка алынып, коомчулук кийинки камала турчу адам ким болот болду экен деп күтүп калгандай.

Учурдагы окуяны көңүл сыртында калтырбаган фейсбук колдонуучусу Кылыч Шанаев “КЫЛМЫШКЕРЛЕР ЖАЗАЛАНСЫН!” деп, Батукаевдин ишине байланыштуу кеңири пикирин жазды. Билдирүүсүн толук беребиз:

” Мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевди “бүгүн чыгарбасак эртең өлүп калат ” деген шылтоо менен бүтүндөй бир бийлик коридор ачып берип,ал тургай аэропортко чейин узатып барып өлкөдөн чыгарып жиберишти. Мындайча айтканда кылмышкерди бошотуп,килем салып узатып коюшту. Батукаевдей кылмышкер жөн жай чыгып кете алмак эмес албетте. Губернатор, сот, ГСИНдин жетекчиси ,Вице-премьер-министр , акыйкатчы, прокурор, врачтар бүт бардыгына жогорудан буйрук берилген. Демек олтурган креслолорун сактап калуу максатында жогору жактын айткан сөзүн ” кыңк” дебей , аткарышкан. Ошол киши бул дүйнөгө устун болуп берчүдөй сезилген. Кызмат орундары үчүн кылмышка кол урган. Эми мына Батукаевдин иши боюнча адилеттүлүк орноп баштады. Колу менен жасаган кылмышты моюну менен тартыш керек. Демек буларды тиешелүү кишилер бардыгы темир тор артына жөнөтүүгө толук негиз бар.

Келиңиздер урматтуу туугандар! Батукаевдин иши боюнча камалган кишилердин артынан чыгып митинг пикет кылбаңыздар. Булар мамлекетке чыккынчылык кылышкан! Биз чыккынчыларды эч качан колдобошубуз керек. Мамлекетибиздин өсүп өнүгүүсүн кааласак күнөлүүлөрдү жазалайлы. Бир кишинин кызкчылыгы деп,бүтүндөй эл жабыркабашы керек. Бийликтен дагы талап кылалы “Батукаевди абактан чыгарып кетүүгө” тиешеси бар чиновниктерди жазаласын. Кыргыз элинин алдында кечирилгис күнөө иш кылды ,эми азабын тартсын. Башкаларга сабак болсун! Мыйзамдуу, адилеттүү, коррупциясы жок өлкөнү бирге куралы. “

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь