Кыргыз мамлекеттик тарых музейи жана Чолпон-Атадагы ат майданды оңдоо боюнча кылмыш ишин иликтөө аяктады. Маалыматка ылайык, УКМК кылмыш ишин сотко берүү үчүн прокуратурага өткөрүп берди.
Билдирүүгө караганда, бул эки кылмыш иши бир өндүрүшкө бириктирилип, алар боюнча курулушка тиешеси бар 6 аткаминерге айып тагылган. Алар мурунку өкмөт башчы Сапар Исаковго, президенттин аппаратына караштуу жарандык өнүгүү, диний жана этникалык саясат бөлүмүнүн мурунку жетекчиси Мира Карыбаевага, Мамлекеттик курулуш башкармалыгынын башчысынын мурунку орун басары Алмазбек Абдыкаровго, Турак-жай-жарандык курулуш департаментинин мурунку башчысы Шайбек Атамбековго, анын орун басары Улукбек Матисаковго, «СМУ-3» ЖЧКнын негиздөөчүлөрүнүн бири Айдарбек Мендеевге айып тагылган.
Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, Тарых музейин оӊдоодо 101,6 миллион сом, ат майданды оӊдоодо 145,9 миллион сом зыян келтирилгени аныкталган.