Терроризмге үгүттөөгө шектелген казакстандык жаран Бишкектен кармалды. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.
Маалыматка караганда, 20-майда мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Казакстандын 1994-жылы туулган Б.Т. аттуу жараны кармалган. Ал өз өлкөсүндө Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 174-беренесинин 1-бөлүмү (терроризмге үгүттөө жана ачык түрдө террористтик актыларды жасоого чакыруу) менен 313-беренесинин 1-бөлүмү (ырайымсыз зомбулукту жана кыйноолорду пропагандалаган чыгармаларды мыйзамсыз жайылтуу) боюнча издөөгө алынган.
Кылмыш иши 2018-жылдын май айында козголуп, ошол эле айда издөө жарыяланган. Ал Бишкек шаарында батирде жашап жүргөн. Учурда Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.