Токой чарбасынын жетекчисинин жоруктарына өкмөт башчы качанкыга чейин чыдайт?

234

Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин башчысы Абдыкалык Рустамов азыркы кезге чейин кызматтан алынбай жатканына нааразы болду.

9-апрель күнү Коопсуздук кеңешинде Токой чарба агенттигинин мониторинги боюнча жыйналыш болуп өткөн. Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобунун корутундусуна ылайык, агенттикте көптөгөн мыйзам бузуулар, коррупциялык схемалар аныкталган. Мамлекеттик токой фондунун жериндеги мыйзамсыз курулуштун салынышы, аңчылык багыттагы коррупциялык схемалар жана көптөгөн мыйзам бузуулар аныкталган

Депутаттын айтымында Башкы прокуратурага 135 барктан турган материалдар прокуратурага жөнөтүлгөн. Депутат өз сөзүндө токой чарбасынын жетекчисинин мыйзамсыз иштери Коопсуздук кеңешинде көтөрүлүп, тийиштүү органдар тарабынан анын күнөөсү бар экени айтылып жатканына карабай кызматта жүргөнүн айтты.

15млн. акча каражаты натыйжасыз пайдаланылган. Женевадагы жыйынга шоопурун жиберген. Штатта эмес кызматкер агенттиктин атынан 2010-жылы 7 жолу чет өлкөгө чыгып, жыйындарга катышыптыр

Ормонов бир канча мыйзам бузуулар болгондугун санап, качанкыга чейин токой чарбасын жетектеген кишинин мыйзамсыз жоруктарына өкмөт башчы  чыдап отурат деп таң калды.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь