Ысык-Ата райондук ИИБнин кызматкерлери 25-30жаштагы азият түспөлүндөгү каза болгон адамдын ким экендигин териштирүүдө.
20-майда, саат 08:30да Ысык-Ата райондук ИИБнин нөөмөт бөлүмүнө маалымат түшүп, анда Кант аймактык ооруканасында эркек адам көз жумгандыгы маалым болгон. Ыкчам-иликтөө тобу барып, оорукананын жандандыруу бөлүмүндө 15-майдан бери жатып, эсине келбестен 18-майда каза болгон жаранды аныкташкан.
Маркум каза болордун алдында дарыгерлерге өзүн 1990-жылы туулган Ахмед Суйумбаев деп тааныштырган. Өлүмдүн себептерин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалып, иш тиешелүү кызматтарга териштирүү үчүн тапшырылды.
Каза болгон адамдын кимдигин аныктоо үчүн бул адамды тааныгандар болсо же ал тууралуу маалыматтарды билгендер болсо төмөндөгү телефондору аркылуу билдирип коюңуздар: 0(701) 88-62-95, 0(312) 88-62-95, 0(707) 25-79-02