“Элдик Талкуунун” бүгүнкү мейманы А.Изибаев атындагы мамлекеттик цирктин жетекчиси Фархат Бекмамбетов цирк учурда толугу менен капиалдык ремонтко муктаж экенин айтты.
Мурдагы ээн эркин басып туруп көнүп алган айрым цирк кызматкелерлери мыйзамга толук кандуу баш ийбей жатат. Каалаган учурда жумушка келген жумушчуларга учурдагы жетекчи талапты катуу коюуда.
Учурда 140тан ашуун адам штаттык негизде иштейт. 40 штат учурда бош. Айлык акынын аздыгынан циркте иштөө каалоо азыркы тапта күч эмес. Жогорку категориядагы артисттердин айлык акысы 5000 сом. Кыргызстанда атайын цирк багытындагы окуу жайлар жоктугунан улам, кадрлар жаңыланбайт. Жаныбарлардан цирктин карамагында 3 гана ат бар.
Мамлекеттик цирк 1976- жылы курулуп 1978- жылы ишке берилгенден бери ондоп түзөө иштери болгон эмес. Мамлекет башчысына кайрылып , каражат бөлдүрүү маселеси каралууда.